Өзбекстанда келин ымыркайын баштыкка салып, көчөгө таштап салган

Бухара облусунда тартип сакчылары көчөдөн жаңы төрөлгөн ымыркай оролгон жашыл баштык таап алышкан. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Окуя 8-августта саат 01:30дар чамасында болгон. Тартип сакчылары борбордук оорукананын имаратынын жанынан баланын ыйын угушкан. Айлана-чөйрөнү текшере баштап, баштыкка салынган ымыркайды таап алышкан. 

Милиция кызматкерлери ымыркайды жакын жердеги ооруканага алып барып, ага жардам көрсөтүлгөн. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 4-августта 28 жаштагы келин дарыгерлердин жардамысыз көз жарып, андан соң ымыркайдан кутулууну чечкени белгилүү болгон. Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алардын жыйынтыгы боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алынат.