Өзбекстанда колундагы небереси менен 5-кабаттан кулаган чоң ата көз жумду. Небересинин абалы айтылды

Кечээ, 19-февралда Өзбекстандын Навои шаарындагы соода борбордо эркек киши колундагы небереси менен 5-кабаттагы эскалатордон кулап кетти.

53 жаштагы киши 3 жаштагы небересин колуна көтөрүп, эскалатор менен түшүп келе жатып, тең салмагын кармай албай калган. Кырсыктын кесепетинен киши көз жумуп, небереси ооруканага жеткирилген. Бүгүн, 20-февралда Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кыздын абалын айтышты. Маалыматка караганда, анын абалы оор деп бааланып жатат.