Өзбекстанда конституциялык реформадан улам каршылык акциялары башталды

Өзбекстанда конституциялык реформадан улам каршылык акциялары башталды. Ага Баш мыйзамдан Каракалпакстандын суверендүүлүгү тууралуу абалдын жана жалпы референдумдун негизинде бөлүнүү укугу алынып жаткандыгы түрткү болгон. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун Өзбек кызматынан билдиришти.

«Газета.uz» басылмасы жазган маалыматка караганда, Өзбекстандын курамына кирген Каракалпакстандын борбору Нукуста каршылык акциялары болуп өттү. Соцтармакта тараган видеолордо шаардын көчөлөрүндө митингчилердин жүрүшү тартылып, анда айрымдар колуна Каракалпакстандын желегин көтөрүп алганы көрүнөт.