Өзбекстанда курсагындагы 4 айлык баласын 9 миң долларга саткан эне кармалды

Төрөлө элек, курсагында жаткан 4 айлык баласын 9 миң долларга саткан эне кармалды. Бул тууралуу Өзбекстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 4 айлык кош бойлуу келинге жаш жубайлар 6 миң доллар берип жаткан жеринен кармалышкан. Ал эми ымыркайды сатып алууга кызыкдар болгон жубайлар Өзбекстандын Ургенч шаарында жашайт. Алардын никеси расмий түрдө катталган эмес.

Жубайлар 6 миң доллар берип жаткан учурда укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалганы айтылууда. Жубайлар калган 3 миң долларды кийинчерээк беришмек. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.