Өзбекстанда күйөөсүнүн ойношун тизелеткен аялга айып салынды (видео)

Өзбекстанда күйөөсүнүн ойношун кемсинтип, тизелетип койгон аялга айып пул салынды. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Буга чейин социалдык тармактарда чөгөлөп отурган аялдын видеосу пайда болгон. Видеону жайгаштырган автор бул аял ойнош экенин, үй-бүлөлөрдү бузгандыгы үчүн жазасын алып жатканын айткан. Тартип сакчылары бул видеону изилдеп, окуя Бухара облусунда болгонун аныкташкан.

«Видеодо ал атайылап аялдын ар-намысына жана кадыр-баркына доо кетирген», — деп билдиришти облустук ички иштер башкармалыгынан. Видео тарагандан кийин кемсинтүүгө туш болгон аял укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Райондук соттун чечими менен видеого тартып алган жаран Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 41-беренесинде (мазактоо) каралган мыйзам бузуу боюнча күнөөлүү деп табылды. Ага 1,2 миллион сум өлчөмүндө айып салынды.