Өзбекстанда кыздарга көчөдө ыдык көрсөткөндөр 15 суткага камакка алынышы мүмкүн

Өзбекстанда кыздарга көчөдө ыдык көрсөткөндөр 15 суткага камакка алынышы мүмкүн. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Шавкат Мирзийоев мыйзамга кол коюп, ага ылайык, Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекс 41-1-берене (сексуалдык асылуу) менен толукталган. 

Сексуалдык ыдык көрсөтүү – адамга карата бир жолу орой же кайталанма, ага жагымсыз жана анын ар-намысын жана кадыр-баркын кемсинткен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо. Бул иш-аракеттер сырткы көрүнүшүн же дене түзүлүшүн, жаңсоо, тийүү, сексуалдык ыктоо менен сүрөттөлүшү мүмкүн.

Бул укук бузуу экиден бешке чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга (600 миңден 1,5 миллион сумга чейин) же беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет. Ошол эле укук бузуулар биринчи администрациялык жаза колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанып жасалса, бештен жетиге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салууга (1,5 миллион сумдан 2,1 миллион сумга чейин) же он беш суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алууга алып келет.