Өзбекстанда кыздарга мектепке улуттук жоолук жана тебетей менен барууга уруксат берилиши мүмкүн

Өзбекстанда кыздарга мектепке ак же ачык түстөгү жоолук, тебетей менен барууга уруксат берилди. Элдик билим берүү министрлигинин башчысы Шерзод Шерматов мындай чечимди кабыл алуунун негизги максаты — бардык мектеп курагындагы балдарды окутуу экенин айтты. Бул тууралуу министр 4-сентябрда ачык диалог учурунда билдирген.

«Көптөгөн ата-энелердин кайрылууларын эске алуу менен, улуттук баалуулуктарыбызга ылайык, быйылкы окуу жылынан тартып, мектепке улуттук жоолукчан же тебетей менен келүүсүнө уруксат берели деп жатабыз”, — деди ал. Ал ошондой эле кыздар узун жакалуу көйнөк кийе аларын кошумчалады. Бирок министр Шерматов кайсы мыйзамдын негизинде буга уруксат берилгенин ачыктаган жок.

Өзбекстандын бардык билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылы 6-сентябрда башталат.