Өзбекстанда мечитте жарылуу болуп, алты адам жабыркады

Өзбекстандын чыгышындагы Андижан облусундагы мечиттердин биринде газ-аба аралашмасы жарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жарылуу бүгүн, 31-мартта саат 12:19 чамасында болгон.

Окуя болгон жерге облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана жооптуу адамдар барышкан. Кырдаал толук көзөмөлгө алынган.  Алдын ала маалыматтар боюнча, алты адам жабыркаган.