Өзбекстанда «мектепте классташы менен вальс бийлеген кызды ким алат?» деген имам кызматтан кетти

«Мектепте вальс бийлегенден кийин кыздарды эч ким күйөөгө албайт» деп айткан Фергана облусунун Ташлак районунун баш имамы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Шукрулло Эгамбердиев бир нече резонанстуу билдирүүлөрдү жасаган. Кайсы пикири үчүн кызматтан кеткени азырынча тактала элек. «Бүтүрүүчү кечелерде эмне болуп жатканын карагылачы! Бүтүрүүчү болсо эле каалаганын кылса болот бекен? Эмнеге мектеп окуучуларына эс алууга уруксаат бересиңер? Эмнеге вальс бийлегенге уруксат бересиң? Мугалимдер каякты карап атат? Бүтүрүүчүлөрдүн кечесинде классташы менен вальс бийлеген кыз эртең эмне болот? Анан аны интернеттен көрүшсө эмне болот? Эртең аны ким алат?» — деген ал. 

Анын айтканы боюнча комиссия түзүлүп, анын чечими менен имам кызматтан кетти.