Өзбекстанда орусча сабак өтүүнү суранган окуучу мугалимден шапалак «жеди» (видео)

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Ташкенттеги мектептердин биринде орус тилинен чыккан чырга жооп кайтарды. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.

Маалыматка караганда, Ташкенттин Чиланзар районундагы №188 мектептин орус тили мугалимин алмаштырган завучтун окуучусуна кол көтөргөн видео тараган. Бала мугалимден орус тилинен сабак өтүүнү суранган жана бул үчүн бетине жана башына шапалак жеген. 

Захарова Орусия тарап Өзбекстанды расмий түшүндүрмөлөрдү берип, кырдаалга укуктук баа берүүнү, эгерде негиздүү болсо, балдарга карата зордук-зомбулук көрсөткөн адамга чара көрүүнү талап кылды.