Өзбекстанда мугалим телефон менен окуучунун башын жарган (видео)

Өзбекстанда мугалим телефонун ыргытып, окуучунун башын жарды. Бул тууралуу Балдар акыйкатчысы билдирди.

Видео Балдар акыйкатчысынын катчылыгына социалдык тармак аркылуу келип түшкөн. 5-класстын окуучусунун бири сабак берген 24 жаштагы англис тили мугалиминен дааратканага барууну суранган, бирок мугалим ага жооп берген эмес. Бала суранбай чыккан, кайра келгенде анын уруксатсыз кеткенине ачууланган мугалим телефонду ыргытып, башын жарган. 

Балага биринчи медициналык жардамды мектеп медайымы көрсөтүп, жараатын карап, башын таңып койгон. Андан кийин бала үйүнө кетип, апасы ооруканага алып барып, ал жактан дарыланган. Окуя боюнча райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөөгө чейинки иликтөө иштери жүрүп жатат.