Өзбекстанда социалдык түйүндөрдө майып балдар үчүн «Мурувват» интернатынын тарбиялануучуларына орой мамиле жасалган окуянын видеосу тараган. Анжияндын Саламаттыкты сактоо департаменти прокуратура менен биргеликте иликтөө иштерин жүргүзү жатканын Podrobno.uz жазды.
4-ноябрда социалдык түйүндөрдө майып балдар үчүн «Мурувват» адистештирилген мектеп-интернатынын тарбиялануучуларына орой мамиле жасалып жатканы тууралуу видео тараган. Укук коргоо органдары мындай кырдаал 24-июлда болгонун маалымдашкан.
Видео социалдык тармактарга тарагандан кийин Анжиян облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы кырдаалга укуктук баа берүү үчүн жумушчу топ түздү. Тергөө Кургантепе районунун прокуратурасы менен биргеликте жүргүзүлүүдө. Окуяны иликтөөнүн жыйынтыгына жараша керектүү чаралар көрүлөт. Укук коргоо кызматкерлери кырдаалды изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берүүнү убадалашты.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын багылып жаткан шарттар да суроолорду жаратат.
Лабубу оюнчуктары 2019-жылдан бери сатылып келет. Лабубу алгач Голландияда чоңойгон гонконгдук сүрөтчү Касинг Лунг тарабынан түзүлгөн каарман. Ал скандинавиялык фольклорго...
Бразилиялык мектеп окуучусу чочко минип мектепке барган видеосун жүктөп интернет жылдызына айланды. Фугете аттуу чоң чочко үй-бүлөнүн сүйүктүү үй жаныбарларынын...