Өзбекстанда өзбек тилинде окуткан мектептердин 7-класстары үчүн чыгарылган Орус тили китеби кызуу талкууга түштү. Бул тууралуу Podrobno.uz басылмасы жазды.
Анда ырчылар Шахзода менен Полина Гагарина ханыша Елизавета жана космоско биринчи учкан аял Лю Ян менен бир катарга коюлган. Китепте үй тапшырмасында окуучулардан бул аялдар жөнүндө аңгеме жазуу көрсөтүлгөн. Коомчулукту түбөлүк тарыхта аты калган инсандардын жанында эле эстрада ырчыларынын катарлаш турушу кыжырданткан.
Ошондой эле белгилүү аялдардан тышкары жарыш унаасынын айдоочусу Михаэль Шумахер, актёр Жеки Чан жана Калифорниянын мурдагы губернатору Арнольд Шварцнеггердин аты жазылган.
«Биздин окумуштуу жана спортчу айымдарды колдонсо болбойт беле?» — деп жазган колдонуучулардын бири.