Өзбекстанда окуучу кыздар мугалимин сабап салган видео тарады

Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы №2 мектептин 2 окуучусу танапис учурунда мугалимди сабап салышкан. Бул тууралуу өзбек ЖМКлары жазды.

Маалыматка караганда, окуядан кийин мектепте окуучулардын жана алардын ата-энелеринин катышуусунда жыйын өткөн. Чыр-чатактын келип чыгуу себептери жана окуучулардын жашы айтылган жок.