Өзбекстанда Олимпиаданын катышуучуларын кандай тосуп алышты жана белекке эмне беришти?

Коңшу Өзбекстанда Парижде өткөн Олимпиадада өлкөнүн курама командасынын жеңишин майрамдап жатышат!

Өлкө бир эле учурда сегиз алтын, эки күмүш жана үч коло медаль утуп алды. Өзбекстан бокс боюнча рекордду жаңыртып, мекенине тарыхый жетишкендиктер менен кайтып келе алды.

Ташкентте Париж оюндарынын катышуучуларына шаарды аралап өтүү үчүн эки кабаттуу, үстү ачык автобустар даярдалган. Транспортто «Жаңы Өзбекстан үчүн жаңы жеңиштер!» деп жазылган.

Алтын медалдын ээлерине 200 миң доллардын сертификаттары, Chevrolet Tahoe унаалары жана 4 сотых жер тилкелеринен 3 бөлмөлүү коттедждер тапшырылды.

Күмүш медаль ээлерине 100 миң доллар, BYD Song Plus EV Champion унаасы жана батир белек кылышты.

Ал эми коло медаль ээлерине 50 миң доллар, BYD Song Plus DM-i Champion унаасын жана батир белек кылышты.