Өзбекстанда Орусияда иштеп жүргөн аялын кызганган жаран 2 баласын өлтүрүп салган

«Самарканд облусунда карызын төлөө үчүн Орусияда иштеп жүргөн аялын кызганган киши эки уулун муунтуп өлтүрдү» деп билдирет Podrobno.uz кабарчысы.

Самарканд облусунда туулган Азам Хомидов 2014-жылы Наргизге (аты-жөнү өзгөртүлдү) баш кошкон. 2015-жылы бир, 2017-жылы экинчи уулдуу болушкан. Бул Азамдын экинчи никеси болчу, ал биринчи никесинен балдарына алимент төлөп, бирок чоң карызга батып калган. Үй-бүлөнүн материалдык абалы начарлап, 2022-жылы Наргиза жакындары менен Орусияга иштегени кеткен.

Наргиза кайра келген, бирок анын тапкан акчасы үй-бүлөнүн карызын жабууга жетпей калып, кайра кетерин айтканда жолдошу макул болбой, талак берген. Айыл аксакалдары киришип жатып, экөөнү элдештирип, Наргизага Орусияга кетүүгө уруксат беришкен. Ал кеткенден кийин аны кызганган жаран улам-улам чалып, өзүн өлтүрөрүн айта баштаган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, күйөөсү кайра үйгө кайтып келүүнү талап кыла баштаган. Аял август айында акча чогултуп барарын айткан. Наргиза тынчсызданып, 18-майга билет сатып алган. 

17-майга караган түнү Наргизага телефон чалып, Азам балдарга дары бергенин, алар комада жатканын билдиришкен. Ал шашылыш билетин алмаштырып, айылына келгенде күйөөсү уулдарын зым менен муунтуп өлтүргөнүн билген. 2023-жылдын 23-августунда Тайлак райондук соту Азам Хомидовду атайылап киши өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп таап, 19 жылга эркинен ажыраткан. Ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.