Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Ташкенттеги лифтте калып калган 32 жаштагы аялдын өлүмү тууралуу маалымат берди. Бул тууралуу Podrobno.uz жазды.
Эске салсак, Борбордук почтада почточу болуп иштеген Ольга 24-июль күнү кат жеткирип жүрүп, дайынсыз жоголгон. Бир нече күндүк издөөдөн кийин анын жансыз денеси 28-июлга караган түнү жаңы имараттардын биринин лифтинен табылган.
«27-июль күнү Ташкенттин Мирзо-Улугбек районундагы Паркент көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн лифтинен белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Ал аталган үйгө 24-июлда киргени аныкталган. 26-июлда анын дайынсыз жоголгондугу боюнча анын жакындары ички иштер органдарына арыз менен кайрылышкан. Текшерүү учурунда үйдүн жашоочулары лифт бир нече күндөн бери иштен чыгып, көп бузуларын айтышкан«,- деп айтылат маалыматта.