Өзбекстанда референдум: Шавкат Мирзийоев добуш берүүгө үй-бүлөсү менен барды

Бүгүн, 30-апрелде Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдум өтүп жатат. Добуш берүүгө аталган өлкөнүн президенти үй-бүлөсү менен келди.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынса, президент Шавкат Мирзийоевге 2040-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат. Тагыраагы, президенттин ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга узартылып, Мирзийоевдин бул кызматка катары менен эки мөөнөттөн кийин кайра шайлануусу мүмкүн болот.