Өзбекстанда сасык тумоого каршы индиялык сироптон 18 баланын өлүмүнөн кийин кылмыш иши козголду

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы индиялык Marion Biotech компаниясынын Doc-1 Max дарысынан кийинки балдардын өлүмү боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Маалыматта жоопкер тараптардын камакка алынганы айтылды. Кылмыш иш Quramax Medical жана «медициналык жана илимий борбордун» кызмат адамдарына карата козголгон. Бирок канча адам камакка алынганы айтылган жок. Шектүүлөр 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Дары-дармек каражаттарын, медициналык буюмдарды жана медициналык техниканы экспертизалоо жана стандартташтыруу боюнча мамлекеттик борборунун корутундусуна ылайык, сироп ченемдик документтердин талаптарына жооп бербейт деп айтылат.

Бул дарыны колдонгондон кийин Өзбекстанда 18 бала каза болгон. Адам өлүмү катталган соң дарыны Кыргызстанда сатуу токтотулган.