Фергана облусунда жети адам жасалма арактан ууланып, алардын бири каза болду. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматына караганда, 5-сентябрда ден соолугу начарлап, башы ооруп, көңүлү айланган жети адам жергиликтүү ооруканаларга кайрылышкан. Дарыгерлер алар белгисиз зат менен ууланганын аныкташкан. Жабырлануучулардын баары мурда үйлөнүү тойдо болуп, арак ичишкен.
Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда уулангандар жергиликтүү цехте жасалган жасалма спирт ичимдиктерин ичишкени белгилүү болду. Тактап айтканда, бир нече жергиликтүү тургундар келишим түзүп, казакстандык Актау жана Каратау бренддеринин этикеткасын колдонуп жасалма арак чыгара башташкан.
Контрафакттык товарлардын партиясы коомдук тамактануу пункттарынын бирине, ошондой эле башка ишканага сатылган. Шектүү кармалган. Ага карата «коопсуздук талаптарына жооп бербеген товарларды сатуу же сатуу максатында өндүрүү» жана «этил спиртин, алкоголдук жана тамеки буюмдарын мыйзамсыз өндүрүү же жүгүртүү» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.