Ташкент педиатриялык медициналык институтунда аял төрт эгиз төрөдү. Бул тууралуу Milliy TV жазды.
Жаңы төрөлгөн ымыркайларга Мухаммад, Мустафо, Сумая жана Сафия деген ысымдар ыйгарылды.
Балдардын абалы канааттандырарлык. Жаш үй-бүлө Сурхандарыя облусунан болот. Төрөткө эки ай калганда эне менен түйүлдүк дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу үчүн Ташкентке келген. Үй-бүлө 2 жаштагы кызын тарбиялап келген.