Өзбекстанда түрмөдө китеп окугандар үчүн жаза мөөнөтү кыскартылат

Өзбекстандын Сенаты соттолгондордун бекитилген тизмеден окуган ар бир китеби үчүн жаза мөөнөтүн үч күнгө кыскартууга мүмкүндүк берген мыйзамды жактырды. 

«Комиссиянын корутундусунун негизинде, ар бир окулган китеп үчүн жаза мөөнөтү үч күнгө кыскартылышы мүмкүн, бирок жылына 30 күндөн ашпоого тийиш», — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзамда белгиленгендей, китеп Республикалык Руханият жана агартуу борбору тарабынан бекитилген соттолгондордо туура адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга багытталган адабияттардын тизмесине киргизилүүгө тийиш. Көрсөтүлгөн китептерди окуу фактысы тастыкталууга тийиш.

Мыйзамды пайдалануу укугу өмүр бою эркинен ажыратылгандарды кошпогондо, шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн болгондорго гана тиешелүү.