Ташкентте уктап жаткан адамдын керебетинде пауэрбанк жарылып, күйүп кетти. Бул тууралуу Өзбек ЖМКлары жазды.
Маалыматка караганда, окуя 28-октябрь күнү эртең менен саат 9:00дөр чамасында болгон. Бактыга жараша жабырлануучу өз убагында ойгонуп, өрттүн алдын алган.
Пауэрбанк өндүрүүчү компания келтирилген зыяндын ордун толтурууга даяр экенин билдирип, учурда компенсациянын шарттары боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.