Өзбекстандагы дарыгерлер 101 жаштагы карыяны коронавирустан дарылашты

Коронавирустан айыккан карыялардын катарын Өзбекстандын 101 жаштагы жараны толуктады. Ал Ташкент облусундагы ооруканага 20-апрелде жеткирилген. Ошол учурда 1920-жылы төрөлгөн жаран оор абалда деп айтылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, ПЦР-тест менен коронавирус аныкталып, рентген өпкөсү жабыркаганын көрсөткөн. Андан бери дарыгерлер токтоосуз дарылоо иштерин жүргүздү.

Өзбекстанда жалпы 87 миңден ашык адам коронавирустан дарыланды. Бул жалпы катталган бейтаптардын 96 пайызын түзөт.