Өзбекстандагы президенттик шайлоо. Шавкат Мирзийоев үй-бүлөсү менен добуш берди

Өзбекстандын президенттигине талапкер Шавкат Мирзийоев Ташкенттеги № 59 шайлоо тилкесинде жергиликтүү убакыт боюнча саат 10:00дөр чамасында добуш берди.

Шавкат Мирзийоевди жубайы, балдары жана неберелери коштоп жүрүшкөн. Президенттикке талапкер добуш бергенден кийин шайлоо участкасына келген жергиликтүү тургундар менен баарлашты.

Бүгүн, 9-июлда Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүүдө. Добуш берүү жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:00дөн 20:00гө чейин болот.