Өзбекстандык белгилүү актёр Мурад Ражабов каза болду

Өзбекстандын эл артисти Мурад Ражабов 74 жашында каза болгонун Kun.uz сайты жазды.

Белгилүү актёрдун каза болгонун Өзбекстандын Кинематография агенттиги 8-апрелдин кечинде өзүнүн Telegram-каналында кабарлады.

Мурад Ражабов 1949-жылы 30-майда Ташкентте туулган. А.Н.Островский атындагы Ташкент театр-көркөм институтунун актёрдук факультетин бүтүргөн. Чыгармачылык жолунда ондогон тасмаларда роль жаратып, актёр Өзбек киносунун жаркыраган жылдыздарынын бирине айланган.