Өзбекстандык гимнасттын купальниги Олимпиада музейине коюлду

Лозаннадагы Олимпиада музейинде өзбекстандык гимнаст Оксана Чусовитинанын спорттук кийими көргөзмөгө коюлду. Анда ал сегизинчи Олимпиадасында Токиодо өткөн оюндарга катышкан. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук олимпиада комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Өзбекстандын спортчусунун кийимин жайгаштыруу чечимин Эл аралык Олимпиада комитети кабыл алган. Лозаннадагы Олимпиада музейине жыл сайын 250 миңге жакын адам барат. Анда заманбап Олимпиада оюндарына байланыштуу эң баалуу маалыматтар жана экспонаттар камтылган.

Оксана Чусовитина Олимпиада оюндарына сегиз жолу катышып, Гиннесстин рекорддор китебине кирген. 47 жашында ал активдүү спортчу бойдон калууда. Август айында гимнаст Түркияда өткөн Ислам шериктештик оюндарында алтын алган.