Өзбекстандын экс-президентинин уулу аялын сабап, полицияга сурак бергенден кийин дайынсыз болуп жатканы маалымдалды

Өзбекстандын экс-президенти Ислам Каримовдун уулу Красногорскиде аялын катуу сабап салганы маалым болгон. Окуя Подмосковный бульварындагы көп кабаттуу үйдө болгон. Петр Каримов жаңжал учурунда аялын бир нече жолу урган. Аялы ооруканага жеткирилип, өзү полиция тарабынан бошотулган. Учурда ал шектүү катары турат. 

Анын жубайынын айтымында, Каримов полиция бошоткондон бери дайынсыз болуп жатат. Ал күйөөсүнүн жоголуп жатканы тууралуу полицияга арыз жазууну көздөп жатканын айткан. Анын айтымында, экөөнүн ортосундагы жаңжал акчадан чыккан.

«Петр үйгө мас абалында келип, аялынан Ташкентке билет жана мейманкана үчүн акча талап кылган. Ал ала албаган соң, жини келип, кол көтөргөн. Каримов Юлиянын башына телефон менен чаап, мешке бетин такаган. Буга чейин күйөөсү ага кол көтөргөн, бирок мынчалык сабаган эмес», — деп айтылат билдирүүдө.