Өзбек Эл артисти Шерали Жураев 77 жашында көз жумду

Кечээ, 4-сентябрда белгилүү советтик жана өзбек ырчысы, музыкант, акын, композитор жана актёр Шерали Жураев 77 жашында көз жумду. 

Шерали Жураев — Өзбек ССРинин эл артисти (1987), Алишер Навои атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1991), Тажикстандын эл артисти (1998), «Фидокорона кызматлары үчүн» (2018) жана «Эл-юрт хурмати» ордендеринин (1998) ээси. 

1947-жылы 12-апрелде Анжиян облусунун Асака районунда туулган. 1971-жылы Маннон Уйгур атындагы Ташкент мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Чыгармачылык жолун 1972-жылы “Шодлик” ыр жана бий ансамблинин ырчысы болуп баштаган. 1979-1986-жылдары Анжиян облустук филармониясында, 1986-1996-жылдары Өзбекстандын мамлекеттик филармониясында солист болуп иштеген. Эгемендүүлүк жылдарында жеке ырчы катары өнөрүн тартуулаган.