Өзбекстанда информатика сабагы 1-класстан тарта окутулат

Өзбекстандын мектептери информатика сабагын 1-класстан тарта окута баштайт. Бул тууралуу «Фергана» жазды.

Мектептер баскыч-баскыч менен дүйнөлүк тажрыйбанын негизинде жаңы окуу программаларын киргизет. Орто мектепте предметтердин саны 16дан 11ге чейин кыскартылат, ал эми жогорку класстын окуучуларына милдеттүү сабактардан тышкары төмөндөгү комбинациялардан адистикти тандоо сунушталат: химия — биология, математика — физика, тарых — укук, эне тили жана адабияты — чет тил.