Өзбекстандын президенти аялдардын иштөөсүнө каршы чыккан эркектерди сындады

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев аялдардын иштөөсүнө каршы чыккан эркектерди сындады. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Мирзиёев Наманган облусуна жасаган иш сапары учурунда ишканалардын бири менен таанышып жаткан мезгилде андагы ишкананын ээси менен маектешип жатып: “Мына сиздей ишкерлер 20-30 аялга жумуш ордун түзүп берсе, мен бул маселелерге ойлонбостон, мамлекеттик иштер менен алек болмокмун”,- деп айткан.

«Күйөөсү уруксат бербей койсо»,- деп жатасыңар. Наманганда азыр ушундай түшүнүк калыптана баштаптыр, биз муну менен күрөшүүбүз керек. Аялдарыбыздын укуктары да баары менен тең болуп, өздөрүнө ылайыктуу, шарты жакшы жайларда иштей алышы зарыл»,- деп да кошумчалаган Мирзиёев

Белгилей кетсек, Өзбекстанда 60 пайызга жакын аялдар иштебей үйдө отурушат.