Өзбекстандын президенти болуп шайланган Шавкат Мирзийоевдин инаугурациясы өттү (сүрөт)

Бүгүн, 6-ноябрда Олий Мажлис палаталарынын биргелешкен жыйынында Өзбекстандын президентинин ант берүү аземи өттү.

Октябрдын аягындагы шайлоодо жеңип чыккан Шавкат Мирзийоев ант берип, мамлекет башчылыгына кайрадан киришти. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы инаугурация аземинен сүрөт жарыялады.