Өзбекстандын президенти Мирзиёевдун жашыруун хансарайы тууралуу иликтөө чыкты

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жашыруун делген хансарайы тууралуу жергиликтүү «Озодлик» радиосу иликтөө чыгарып, жарыялады.

Иликтөөдө Өзбек президентинин хансарайы делинген объекттин аянты Путиндин Геленжиктеги хансарайы делинген имаратка дээрлик окшош экени айтылат.

Аталган хансарай Ташкент шаарынан 60 км алыстыктагы Охангарон коругунда жайгашкан. Иликтөөдө көрсөтүлгөн видео жана сүрөттөрдөн хансарай бир канча эки кабаттуу имараттан, тик учактар конуучу төрт тилкеден, атайын конок үйү жана жасалма суу сактагычтан турганын көрүүгө болот.

Ошондой эле Өзбек президентинин хансарайы делинген жердин айланасы темир тосмо менен тосулуп, тоонун башына чейин сапаттуу асфальт менен төшөлүп, жолдорунда бир канча өткөрмө бекеттер коюлган.

Ал эми Өзбекстандын эксперттери бул хансарайды болжолдуу түрдө 1 миллиард долларга жакын деп баалашууда.

Иликтөө жалпы 21 минуталык болуп даярдалып, коомчулукка чыккандан кийин 16 саатта 40 миңден ашык көрүүчү топтогон.

Учурда бул окуя боюнча Шавкат Мирзиёев расмий билдирүү бере элек.