Өзбекстандын президенти өзүнүн тун кызы Саида Мирзиёеваны президенттик администрациянын башчысы кылып дайындады.
2 жыл мурун жоюлган президенттик администрация кайрадан түзүлгөн. Саида буга чейин атасынын жардамчысы болуп иштеген. Ага чейин президенттик администрациянын Коммуникация жана маалымат саясатынын бөлүм башчысы, андан мурун 2019-2022-жылдары президенттик администрациянын алдындагы Маалымат жана массалык коммуникациялар агенттигинин директорунун орун басарлыгын аркалаган.