Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев ыйык Кааба ташынын ичине кирди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев Сауд Арабияда жүргөндөгү сапарынын экинчи күнүндө Мекке шаарына барып, зыярат кылды. 

«Өлкө башчыбызга ыйык Каабага кирип, анда намаз окуу чоң сыймык», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта. 

«Мекенибиздин гүлдөп өсүшүн, элибизге тынчтык жана бакубатчылык, бардык мекендештерибизге, өсүп келе жаткан муундарга бакыт жана жаркын келечек тилеген дуба окулду», — деп айтылат билдирүүдө.