Өзбекстандын тоолорунда жоголгон шаарлар табылды

Археологдор Өзбекстандын чыгыш тоолорунда байыркы Жибек жолунун маанилүү борборлору болгон орто кылымда жоголгон эки шаарды табышты. Бул тууралуу Nature журналы жазды.

6-кылымдан 11-кылымга чейин гүлдөгөн деп эсептелген шаарлар деңиз деңгээлинен 2 чакырымдан ашык бийиктикте учкучсуз учактарга орнотулган лазерлер менен алыстан байкоо жүргүзүү аркылуу табылган. Бүгүнкү күндө дүйнө калкынын 3 пайызы гана бул бийиктикте жашайт. 

Чоңураак Тугунбулак шаарынын аянты 120 гектарды түзгөн. Тугунбулак маанилүү өнөр жай борбору болгон: археологдор металлургиялык өндүрүштүн өнүккөндүгүн көрсөткөн мештердин жана темир устаканалардын калдыктарын табышкан.

Экинчи шаар Ташбулак он эсе кичирээк. Бирок ал изилдөөчүлөрдү эркектердин, аялдардын жана балдардын 400 мүрзөсү бар чоң көрүстөнгө кызыктырган.