Өзбекстандын тоолорунда кар жаады (сүрөт, видео)

Өзбекстанда 20-июнда деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктиктеги тоолордо, Кашкадарыя облусундагы Гисар мамлекеттик коругунун аймагында кар жаады. Бул тууралуу Узгидрометтин жетектөөчү адиси Эркин Абдулахатов билдирди.

Белгиленгендей, акыркы күндөрү Өзбекстандын бардык аймагында байкалган нымдуу, муздак абанын кесепетинен Гиссар кырка тоосунун деңиз деңгээлинен 3200-3500 метр бийиктикте абанын температурасы нөлдөн төмөн түшүп, натыйжада кар жааган.