Өзбекстанга Ооганстан тараптан 5 ракета атылганы айтылды

Ооганстандан келген делген беш ракета Өзбекстандын чек ара аймагына түшкөнүн аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Снаряддар түшкөндө жарылуу болгон эмес, жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес, төрт үйгө зыян келтирилген. Окуя 5-июль күнү саат 16:20лар чамасында болгон.

«Термез шаарынын Мажнунтол кичирайонундагы төрт жеке турак жайга анча чоң эмес зыян келтирилген, бешинчи снаряд футбол талаасынан табылды. Табылган снаряддар сапёрлор тарабынан зыянсыздандырылды», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө. Өзбекстандын компетенттүү органдары ооган тарап менен биргеликте окуянын себептерин аныктоодо.