Падышанын үй-бүлөсү Рождество концертине барды. Керек болсо, Кейт Миддлтон да «жүгүнөт» (видео)

Кечээ, 15-декабрда Лондондо «Баарыбыз чогуу Рождествого» концерти өтүп, ага падышанын үй-бүлөсүнүн дээрлик бардык мүчөлөрү барышты. Иш-чара быйыл сентябрь айында көзү өткөн ханыша Елизавета IIге арналды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Концертти ханбийке Кейт Миддлтон уюштуруп, ал иш-чарага үй-бүлөсү менен биринчи болуп келди. Тагыраагы ханзаада Уильям жана уулу Жорж менен кызы Шарлотта коштоп киришти. Интернетте Кейт Миддлтондун падыша Карл III менен консорт-ханыша Камиллага реверанс жасаган видеосу тарап, ал жылуу кабыл алынууда. Анын мындай ийилүүсүн каада-салтка таазим кылуу, тарыхка жана падышанын үй-бүлөсүнө сый көрсөтүү катары баалап жатышат.

Концерттин күнү бир жагынан Меган Маркл менен ханзаада Гарринин даректүү сериалынын соңку эпизодунун көрсөтүлүшү менен дал келип калды. Анда алардын падышанын үй-бүлөсүнө карата таарынычтары айтылган.