Пакистан электр жарыксыз калды

Бүгүн, 23-январда эртең менен Пакистанда электр жарыгы массалык түрдө өчүрүлүп, дээрлик 220 миллион адам электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу Macau Business жазды.

Маалыматка караганда, өлкөнүн Энергетика министрлиги тараткан билдирүүдө жергиликтүү убакыт боюнча саат 07:34тө улуттук электр тармактары үзгүлтүккө учурагандыгы жана анын кесепетинен жарык өчкөнү айтылат. Учурда четинен электр жарыгы берилип жатат.

Бул электр жарыгынын өчүшү Пакистандагы 2021-жылдан берки эң чоң үзгүлтүк болду, ал кезде өлкө электр өткөрүү системасындагы жыштыктын кескин төмөндөшүнөн кийин бир нече саатка жарык өчкөн.