Пакистан менен Индияда катуу жааган жамгырлардан улам сел жана жер көчкү жүрүп, 250дөн ашуун адам каза болду. Алардын кеминде 180и Пакистандын Ооганстан менен чектеш Хайбер-Пахтунхва тоолуу провинциясында мерт болгон. Мохманд округундагы аба ырайынын кескин начарлашынан улам гуманитардык жардам алып бараткан Ми-17 тик учагы кулап түштү. Борттогу беш адам, анын ичинде эки учкуч да каза тапканы тастыкталды.
Индиянын Кашмир аймагындагы бийликтердин маалыматына ылайык, Гималайдагы Чисоти айылында капилет келген суу ташкынынан жок дегенде 60 адам мерт болуп, дагы 80 киши дайынсыз болууда. Бул аймак индуисттердин зыярат жолунда жайгашкан. 100дөн ашуун зыяратчы токтогон убактылуу талаа ашканасы ташкында толугу менен жууп кеткен. Куткаруу иштерине аскерлер жана атайын кызматтар тартылды.
Адистер быйылкы жайкы муссондорду “кадимкидей эмес” деп баалашууда — жаратылыш кырсыктары 500дөн ашуун адамдын өмүрүн алып кетти. 2024-жылга салыштырмалуу быйыл июль айында Пакистандын калкы эң жыш жайгашкан Пенжаб провинциясында жаан-чачын 73%га көп жааган.











