Пакистанда 110 жаштагы карыя өзүнөн 2 эсе жаш аялга үйлөндү

Пакистанда 110 жаштагы Абдул Ханан Свати төртүнчү жолу үйлөндү. Анын учурда 12 баласы бар. Бул тууралуу 24 News HD билдирди.

Үйлөнүү үлпөтү Хайбер-Пахтунхванын Мансехра районунда өттү. Анын жубайы Баттаграм округунун 55 жаштагы тургуну болгон. Тойдон кийин күйөөсү аялына калыңга 5 миң рупий берет. Ошондой эле ал кишинин он эки баласынын алтоо үйлөнүү тоюна катышканы кабарланууда.