Пакистанда чагылган жана нөшөрлүү жаандын кесепетинен 40тан ашуун адам каза болду

Пакистанда 12-15-апрелдеги жаан-чачындын кесепетинен кеминде 41 адам, анын ичинде 28и чагылгандан каза болду. Бул тууралуу Франс Пресс билдирди.

Пакистандын эң ири жана калкы эң көп провинциясы болгон Пенджабда жума күндөн жекшембиге чейин чагылган тийип, 21 адам каза болгон.

Белужистан провинциясында кеминде сегиз киши, анын ичинде чагылган тийген жетөө набыт болду. Жаандан облустун 25 району жабыркап, айрым аймактарды суу каптады. Провинциядагы мектептер жабылды. Түштүктөгү Синд провинциясында суу каптаган жолдорго байланыштуу жол кырсыгынан төрт адам каза болду. Түндүк-батыштагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында нөшөрлөгөн жаандан улам үйлөр урап, дагы сегиз адам каза болду, алардын төртөө бала.