Пакистанда эки поезд сүзүшүп, 36 адам көз жумду

Пакистанда поезд кырсыгынын кесепетинен 36 жүргүнчү көз жумду. Бул тууралуу «АRY News» басылмасы жазып чыкты. Кырсык бүгүн, 7-июнда эртең менен Синд провинциясындагы Дахарки шаарына жакын жерде болгон. Темир жолдогу кызматкердин маалыматы боюнча, Саргодха шаарын көздөй бара жаткан «Sir Syed Express» «Millat Express» менен сүзүшкөн.

Расмий маалыматка ылайык, поезддердин бири рельсттен чыгып кетип, эл ташып келе жаткан экинчи поезд менен кагылышкан. Анда алты вагон толугу менен кыйраган. Саясатчы Усман Абдулла кырсыктан кеминде 36 адам көз жумганын тастыктап, куткарыла элек адамдар да бар экенин айткан. Чоң кырсыктан кийин бул аймакта темир жолдогу кыймыл убактылуу токтотулду. Пакистандын темир жол бийлигинин өкүлү кырсыкка машинисттин шалаакылыгы себеп болушу мүмкүн деген божомолду билдирген.