Пакистанда эки поезддин кагылышынан каза болгондордун саны 60ка жетти

Пакистандын Гхотки шаарында поезд кырсыгынын кесепетинен көз жумгандардын саны 60 адамга жетти. 100дөн ашык адам жаракат алганын жалпыга маалымдоо каражаттары бүгүн, 8-июнда өлкөнүн Темир жол транспорту министрлигине шилтеме берүү менен жарыялады. Куткаруу иштери Пакистандын армиясынын катышуусу менен улантылып жатат.

Кечээ, 7-июнда бул кырсыктан 36 жүргүнчү көз жумганы маалымдалган. Темир жолдогу кызматкердин маалыматы боюнча, Саргодха шаарын көздөй бара жаткан «Sir Syed Express» «Millat Express» менен сүзүшкөн. Чоң кырсыктан кийин бул аймакта темир жолдогу кыймыл убактылуу токтотулду. Пакистандын темир жол бийлигинин өкүлү кырсыкка машинисттин шалаакылыгы себеп болушу мүмкүн деген божомолду билдирген.