Пакистандын Голра Морр районундагы дубал катуу жааган жамгырдан улам урап калганын The Nation басылмасы билдирди.
Адамдар нөшөрлөп жааган жамгырдан улам чатырдын астына баш калкалап турушкан, ошол учурда 3,4 метр бийиктиктеги дубал кулап түшкөн. Куткаруучулар атайын техниканын жардамы менен урандылардын астынан каза болгон 11 адамдын сөөгүн чыгарышкан. Бешөө куткарылган. Жабыркагандардын саны көбөйүшү мүмкүн деген кооптонуулар бар.
Пакистанда нөшөрлөп жааган жамгыр тынбай уланып, суунун деңгээли кескин көтөрүлүп кеткенине байланыштуу айрым аймактардын тургундарынан үйлөрүн таштап кетүүнү талап кылышууда.