Пакистанда массалык нааразылык акциялары башталды (видео)

Кечээ, 9-майда Пакистанда массалык нааразылык акциялары башталды. Чогулгандар камакка алынган экс-премьер Имран Хандын тергөө абагын басып алууну көздөшүүдө.

Массалык нааразылык акцияларына чейин Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хандын «Аль-Кадир траст» фондунун каражатын мыйзамсыз пайдаланган деген айып менен камакка алынганы тууралуу маалымат пайда болгон. Ага карата терроризм жана массалык башаламандыктарды уюштуруу боюнча ондогон кылмыш иштери козголгон. Андан соң пакистандык оппозиция нааразылык акцияларына чыгууга чакырган.