Пакистанда мечитте намаз учурундагы жардыруудан 59 адам каза болуп, 150 киши жаракат алды

Кечээ, 30-январда Пакистандын Пешавар шаарындагы мечитте жардыруу болду. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.

Бийликтин маалыматы боюнча, кеминде 59 адам каза болуп, 150дөн ашууну жаракат алган. Алардын көбү полиция кызматкерлери, анткени мечит полиция кеңсеси жана башка мамлекеттик имараттар бар аймакта жайгашкан.

Жардыруу намаз учурунда болуп, имараттын бир бөлүгү талкаланып, көптөгөн сыйынуучулар урандылардын астында калганы маалымдалды. Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф жардырууну жанкечти жасаганын билдирди.