Пакистанда мечиттерге жакын жерде жардыруу болуп, 50дөн ашуун киши набыт болду

Пакистандын Белужистан провинциясындагы Мастунг шаарындагы мечиттин жанындагы жардыруудан кеминде 52 киши набыт болгонун Dawn кабарлады.

Маалыматка караганда, 50дөн ашык жаран жаракат алган. Алдын ала маалыматтар боюнча жанкечти жардыруу жасаган.

Кийинчерээк Пакистандын дагы бир мечитинде жарылуу болгон. Пакистандын түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясында жайгашкан Хангу шаарындагы мечиттин чатыры жарылуунун кесепетинен толугу менен урап калды. Жергиликтүү маалымат каражаттары полицияга шилтеме берүү менен эки адам каза болуп, бешөө жаракат алганын кабарлашты. Урандылардын астында дагы 40ка жакын адам бар экени такталган.