Белужистанда мектеп автобусу жарылып, кеминде төрт мектеп окуучусу каза болуп, 38и жаракат алды. Бул тууралуу Dawn басылмасы жазды.
Жаракат алгандар жакынкы ооруканага жеткирилип, окуя болгон жеринде укук коргоо кызматкерлери иштеп жатканы маалымдалды.
Пакистандын ички иштер министри кол салууну катуу айыптап, балдардын өлүмүнө терең кайгыруу менен көңүл айтты. Ал кылмышкерлерди эч кандай ырайымга татыбаган «айбандар» деп атап, душман жапайычылык кылганын айтты.
Каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн, анткени бир нече баланын абалы оор. Окуя үчүн жоопкерчиликти азырынча эч бир террордук топ өзүнө ала элек.